Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Баткен

Баткендик жеңекелер: «Супер келин» аталгандар, кайын инилерине каймана ат койгондор, ислам динин кабыл алгандар

Turmush -  Turmush басылмасынын «Жеңеке» долбоору аркылуу аймактардагы жөнөкөй келиндердин бейнеси ачылып берилет. Бул жолу баткендик жеңекелердин топтомун сунуш кылабыз.

Нургүл жеңе мотоцикл менен суу ташып, айылда «Супер келин» атка конгон

Өзүнүн айтымында, жолдошу Закир Шамшидинов менен 2008-жылы 4 ай телефон аркылуу сүйлөшүп жүрүп баш кошкон.

«Мен өзүм Кызыл-Бел айылынан болом. Күйөөм менен таанышкан куракта Баткен шаарында студент элем. Жолдошум болсо Бишкек шаарында иштеп жүргөн. Ал мага адашып чалып калып таанышып, кийин жакын адамдардай телефондо күнү-түнү сүйлөшүп калганбыз.

Бир күнү ал «Бишкектен келдим жолукпайлыбы» деп чалып калды. Жолугуп, бир азга шаар аралап жүрүп, ал өз айылына кеткен. Анын эртеси шаарга Ильяз Абдыразаков концерт коюп келип, анын концертине киребиз деп пландаштырганбыз. Ошентип мен концертке барабыз деген ойдо үйдөн чыккам. Ал да мени күтүп туруптур. Ошол күнү мени үйүнө алып кетти. Ошентип баш кошуп калдык», - деди ал.

- Жаңы келин болуп барганда кызыктуу окуялар болдубу?

- Биздин тил менен кайындарымдын тилинде айырмачылыктар бар. Биздеги чайдөштү (очокко коюп кайнатуучу чайнек) алар «лапак» деп аташат экен. Кайненем «лапакты очокко коюп койчу» деп айтканда түшүнбөй, көпкө издеп жүргөнүм эстен кетпейт. Үйгө келин көрүп келген коноктордун алдында чайдөштүн көөсүн жаңы кийген халатыма капкара кылып сүртүп алып жүрө бериптирмин. Аны байкаган кайын атам мага айта албай, кайненем аркылуу айттырган.

- Эң алгачкы жасаган тамагыңыз кайсы? Нан жапканды билчү белеңиз?

- Эң алгач 4 кг аш демдегем. Ал тамагым аябай даамдуу болуп, мактоолорду уккам. Бирок, нан бышырганды билбейт болчумун. Алгач кайын энем жаап жүргөн. Бара-бара өзүм эптеп үйрөнүп кеттим.

- Баткенде кайын сиңди, кайнилерин тергешет. Сиз андан кыйналган жоксузбу?

- Ооба, башында аттарын айтып уят болуп жүргөм. Кайын атамдын аты Баатыр. Бир күнү кайын атамдын атын унутуп калып, «азыр 5 балалуулар баатыр эне болуп жатыптыр» деп айтып алып, көпкө уят болуп жүргөм. Ал эми кайнилеримди Ботя, Ботончик, деп атап койгом. Кайын сиңдимди Пепе деп атап коем.

- Эстен кеткис кандай учур болду эле?

- Менде күлкүлүү, эстен кеткис учурлар көп болгон. Үйдө жолдошум мотоцикл айдачу. Бир күнү үйдө суу түгөнүп калгандыктан челек менен ташыгандан ээринип, үйдөгү бардык чоң идиштерди мотоциклге артып алып, сууга жөнөдүм. Сууга жакындап калганда мотоциклди башкара албай жол четиндеги арыкка түшүп кетип, элге күлкү болгом. Аны уккан жолдошум дароо жетип барып, өзү суу алып, мотоциклди айдап келген.

- Кайын журтуңуз тууралуу айтсаңыз?

- Кайненем, кайын атам абдан жакшы кишилер. Үйдө 2 кайын сиңдим, 3 кайним бар. Мен жаңы келгенимде да өз кызындай кабыл алышып, көп нерселерди үйрөтүшкөн. Кайненем менен кайын атам ушул күнгө чейин жалаң гана жакшы кеңештерин берип келет.

- Айылда сизди «Супер келинчек» деп аташат экен. Эмнеге антип аташат?

- Бир жолу айылдагы майрамда келиндер ар кандай программалар менен жарышканбыз. Андан мен жеңүүчү деп табылгам. Ошондон кийин айылдагылар мени «Супер келин» деп атап калышкан.

Баткендик Жазгүл жеңенин жолдошу ишинен бошобой калып, тойго даярдыкты өзү бүтүргөн

Баткендик 29 жаштагы Кудайбердиева Жазгүл жеңе үлпөт тойго даярдык көрүү учурунда жолдошу ишинен бошобой калып, ресторан, унааларга чейин өзү сүйлөшкөн.

Өзүнүн айтымында, Баткен шаарында чоңойгон. Жолдошу Келдибек Тажиевге баш кошуп, Баткен районунун Кара-Бак айылына келин болгон.

«Жолдошум экөөбүз 1 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Сүйлөшүп жүргөн убагыбызда мен телефонумду көп жоготчумун. Жолдошум мага көп телефон алып берди. Мени абдан сыйлап, жөнөкөйлүгүн көрсөткөн. Айылда очокко тамак жасачу элек. Очокко отун күйгүзө албай кыйналып жүрдүм. От жагууну кайын энем өзү үйрөткөн.

Ар бир чай ичкенибизде дасторконго каймак, сары майлар коюлчу. Мен сары май жей албайм. Майды жебей жүрсөм кайын энем атайын мен үчүн эртең менен туруп, уйду саап, каймак тартып келиптир. Бирок каймакты да жебей койсом, жолдошума «келинибиз биздин майларды жебей жатат» деп таарыныч кылган экен. Кийин менин таттууларды гана жегенимди билип, кайда барса сөзсүз менин алдыма таттууларды алып бермейди адат кылып алган», - деди ал.

Жазгүл жеңе журналистика тармагында иштейт. Жумуштан сырткары тамадалык кызматты да аркалайт.

«Чоң балам Дилмурат эфирге чыкканда, тамадалык кылганда кандай сүйлөп, отуруп, кийингениме чейин сындап берет. Жолдошум абдан түшүнүктүү. Кайсы ишти баштасам да колдоп турат. Күйөөм гана эмес кайын атам, кайын энем да түшүнүп, колдоп турушат», - деди ал.

Жазгүл жеңе жолдошу экөө Дилмурат, Адилет аттуу балдарды тарбиялап жатат.

Баткендик Гүлбарчын жеңе 4 кайын инисине 4 башка ат коюп алган

Лейлек районунун Катраң айылындагы 30 жаштагы Пирматова Гүлбарчын жеңе кайын инилерине 4 башка ат коюп алган.

Өзүнүн айтымында, жолдошу Басыт Бапов менен 2005-жылы классташы аркылуу таанышып, 1 жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшкөн соң баш кошушкан. Мектепти бүтүп эле турмушка чыккандыктан жогорку окуу жайдан жолдошу өзү окуткан. Учурда мектепте химия-биология сабагынан мугалим болуп эмгектенет.

«Жолдошум экөөбүз сүйлөшүп жүргөн убакта телефон да жок болчу. Кат аркылуу гана сүйлөшүп, жолугуп жүргөнбүз. 2006-жылы үйлөнүү сунушун киргизип, турмуш жолуна аттандык.

Жаңы келин болуп келгенде биринчи жасаган тамагым аш болгон. Бирок ал тамактын түсү аппак болуп, ашка окшобой калган эле. Дасторконго алып баруудан аябай уялгам. Бирок чай үстүндө кайын атам «аш өзү ушундай болот» деп жымсалдап койгон.

Ал убакта бардыгынын төшөктөрүн салып берчүмүн. Өз бөлмөбүздөгү төшөктү салып бүтүп, жоолугумду чечип койгом. Андан кийин кайын энемдердин да төшөгүн салайын деп алардын бөлмөсүнө кирсем, баары башкача карап калышкан. Унчукпай төшөктү салып, залга чыкканда күзгүдөн өзүмдү жоолуксуз көрүп, абдан ыңгайсыз абалда калгам», - деди ал.

Жеңекенин 3 кайын агасы жана 4 кайын иниси бар. 4 кайын инисине 4 башка ат коюп алган.

«Дайыма ачууланып сүйлөп жүргөн кайын инимди «Бакырчак», жогорку окуу жайда окуган кайын инимди «Студент», эң кичүүсүн «Эркетай», дагы бирин «Ажа» деп атап алгам. Кайын журтум абдан түшүнүктүү. Үйдө кыз жок болгондуктан, кайын энем менен кайын атам келиндерине абдан жумшак. Өз кызындай карашат», - деди ал.

Гүлбарчын жеңе бир нече жолу кайын энеси менен кайын атасынын ысымын айтып алып уят болгон.

«Күн сайын кечке жуук «Малика» деп аталган өзбекче сериал болчу. Үй иштеримди шаша-буша бүтүрүп, мен да көрчүмүн. Үйгө туугандар да келген эле. Мен кирсем эле «кандай сериал?» деп сурап калышты. Мен кайын энемдин аты Малика экенине маани бербей эле «Малика» деген кино» деп жооп берсем, алар күлүп, «Таир деген сериал да жок бекен?» деп айтышканы эстен кетпейт.

Бир күнү кайын атамды көчөдөн «Таир ага» деп чакырып калышты. Мен аны угуп, кайын атама «Таир деп чакырып жатат» деп айтканым эстен кетпейт», - деди ал.

Гүлбарчын жеңе жолдошу экөө баш кошкон 11 жылдан бери Бекжан, Бекзат, Улукман аттуу 3 уулдуу болушту. Жолдошу Басыт Бапов уста болуп эмгектенет.

Баткендик Айсалкын жеңе жолдошу менен алгачкы жолу кездешкен кечеге милиционерлер кирип келген

Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы Темирбаева Айсалкын жеңе жолдошу Тажимат Жапаров менен таанышкан күнү милиция кармап кеткен.

35 жаштагы Айсалкын жеңе Достук айылында чоңойгон.

«1999-жылы мектепти аяктап, 2000-жылы Баткен мамлекеттик университетине окууга тапшыргам. 1-курста тайпалаш кыздар менен отуруш уюштурдук. Кыздар менен барсам ал жактагы жигиттердин арасында келечектеги жолдошум да бар экен. Ошол кечеде бири-бирибиз менен таанышканбыз. Бийлеп жаткан учурубузда ылдыйкы кабаттагы кошуналардан арыз түшүп, бир убакта үйгө милиция кирип келди. Мен атамдан өтө коркчумун, атама отурушка барганым билинбесин деп ваннага жашынып калганым эсимден кетпейт. Жигиттерди милиция кызматкерлери алып кетип, отурушубуз да токтогон», - деди жеңе.

Жеңеке жолдошу менен таанышкандан соң 6 ай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, 2001-жылы баш кошушкан.

«Биздин Достук айылыбыз Тажикстанга чектешип тургандыктан Кыргызстан тараптан жол ачыла элек болчу. Тажикстан тараптан гана барууга болот эле. Бирок жолдошум өзүнүн айылы жактан адыр-тоолорду аралап, мотоцикл менен жолугушууга келчү. Ал убакта телефон да жок эле. Күйөөм кошуна балдардан «саат ушунчада ушул жерде болом» деп айттырып жиберип, мен да ошол убакта жолугушчу жерге барып калчумун», - деди ал.

Ал эми, жолдошу Тажимат Жапаров жубайына жолугуу үчүн агасынын мотоциклин айдап качып кетип жүргөндүгүн белгиледи.

«Ал убакта Кызыл-Бел–Достук жолу ачыла элек болчу. Ошол себептен жолугушууга тоолорду аралап барып жүргөм. Акелерим билип калса такыр уруксат беришчү эмес. Ошондуктан эч кимге билдирбей өзүм мотоциклди эптеп алып кетип калчу элем», - деди ал.

Айсалкын жеңе буга катар эле келин болуп келгендеги кызыктуу окуялары менен бөлүштү.

«Бир күнү үйгө сыйлуу коноктор келди. Мен «аш бышырып берем» деп, тамакты баштагам. Очокканабыздын шыбы жамгыр жааган убакта көчүп түшчү. Ошол убакта жамгыр жаап, тамагымды дымдаардан мурда казанга да ылай түшүп калганын байкабай калып, ашты демдеп салыптырмын. Кайын энем «ашыңды алып келе бер» дегенинен барып карасам тамак жеп болбой турган абалда турат. Үстүнө түшкөн ылай да эзилип, аябай аралашып кетиптир. Конокторго «тамак бышып жатат, азыр даяр болот» деп отуруп, ошол ашым тартылбай калган. Өзүмө-өзүм ачуум келип жаман болгом», - деди жеңе.

Айсалкын жеңе учурда мектепте кыргыз тил, адабият сабагынан, жолдошу тарых сабагынан мугалим болуп иштешет. Экөө 1 кыз, 3 уулдун ата-энеси.

Украин кызы Г.Молиговец Баткенге келин болуп, ислам динин кабыл алган

Баткендик Галина Молиговец 20 жылдан бери райондук электр станциясында иштейт.
Анын айтымында, өзү украин кызы. Чүйдүн Кант шаарында өскөн. Бишкектеги жогорку окуу жайды аяктагандан кийин Баткендеги «Төрт-Гүл» совхозуна агроном болуп жөнөтүлгөн. Ал жакта эмгектенип жүрүп өмүрлүк жолдошун кезиктерген.

40 жылдан бери Баткен районунун Чоң-Талаа айылында жашаган Галина кыргыз тилинде так сүйлөйт. Өмүрлүк жолдошу Калмат Мариповго турмушка чыкканда ислам динин кабыл алган. Кыргыздын бардык каада-салтын мыкты билет. Жолдошу экөө 2 кыз, 4 бала, 9 неберенин ата-энеси.

IMG-20160708-WA0151

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 12209
Көп окулду
×