Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Баткен облусу, Сүлүктү 28.12.2017 10:48 Жаңыланды: 22.03.2018 17:18

Союз убагында дүркүрөгөн шаар: Сүлүктүдөгү ээнсиреген үйлөр

Turmush -  Сүлүктү шаарынын Кош-Булак кварталындагы 570 батирдин жарымынан көбүнүн ээси жок. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жергиликтүү тургун Гайназар Карабаевдин айтымында, ал үйлөрдүн уурдалган чатырынан суу агып, канаттуулардын конушуна айланган. Бул көп кабаттуу үйлөр СССР учурунда көмүр шахталарында иштегендердин батирлери болгон. Союз ыдырап, шахталар жабылгандан кийин бул жердин жашоочулары башка аймактарга көчүп кетишкен.

«Жылына миллион тоннага чейин көмүр казылып, ал темир жол аркылуу Кыргызстандын аймагына ташылып турган. Сүлүктү шаары Москванын камсыздоосундагы өзгөчө макамы бар шаар болчу. Эгемендик алгандан кийинки жылдары көмүр шахталары токтоп, ишсиз калк башка аймактарга көчүп кетип, аларман жоктугуна байланыштуу жашаган үйлөрүн сатпай эле калтырып кетишкен. Акыркы 5-10 жылда 40тан ашык көмүр шахтасында иш кайра жанданып, кайра көчүп келгендердин саны арбып бара жатат. Жаш үй-бүлөлөрдөн саны арбып, үй-жайга муктаждык да көбөйдү. Ошол эле учурда ээлери көчүп кеткен көп кабатуу үйлөрдө 200дөн ашык батир ээн калып, качандыр бир кезде киши жашаганын элестетүү кыйын. Союз ыдырагандан кийин таланып-тонолуп да кетти.

Шаарда каржылык мүмкүнчүлүгү бар ишканалар бар. Жол-жобосун карап чыгып, ошол мекемелерге көп жылга ижарага берсе да болот. Алар оңдоп-түздөп, шахтерлорго, студенттерге, үйгө муктаждарга берип, абалдан чыкса болот. Антпесе бул үйлөр дагы бир аздан кийин колдонууга жарабай калат.

Өздөрү көчүп кетип, ээсиз калган үйлөрдү жаштар оңдоп-түздөп кирейин десе дароо ээси пайда болуп калат экен. Ушундан улам жергиликтүү тургундар менчикке ээлик кылуу мыйзамын өзгөртүп, өзүнө таандык турак жайды таландыга калтырган адамды кожоюндук укуктан ажыратуу керек деген пикирлерин айта башташты. Анткени, Сүлүктүдөгү кароосуз калган ошондой үйлөрдү тезинен оңдоп-түзөбөсө такыр колдон чыгышы мүмкүн», - деди Карабаев.

Сүлүктү шаарынын мэри Рахманберди Абдыназаровдун айтымында, шаарда мындай батирлердин саны 500дөн ашык. Алардын 200дөн ашыгы муниципалдык менчикте болсо, калгандары жеке менчик кожоюндардын колунда. Жергиликтүү бийлик таланып-тонолуп, кароосуз калган 300 үйдүн тагдырын чечүүнүн жолун таба элек жана ага мыйзамдык негиз да жок.

«Азыр көчүп кетип, үйдү кароосуз таштап койгондорду такташтырып жатабыз. Жергиликтүү бийликтин эсебинде тургандары да бар. Анча-мынчасын муктаждарга берип да жатабыз. Арасында толук бүтпөй калгандары да бар. Балким инвестор табабыз же кимге берсек өзүңөр оңдоп алгыла дейбизби, өзүбүздөн каражат бөлөбүзбү, айтор маселени эми караштырып жатабыз», - деди мэр.

Сүлүктү шаарында турак жайы жок, жерге, үйгө муктаж 900 адам шаар бийлигине арыз таштаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×