Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Баткен

Баткендеги унаа кырсыктын кесепетинен 4 адам ооруканага түштү

Turmush -  24-декабрда Баткен районунда болгон унаа кырсыктан 4 адам жаракат алды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, кырсык Кызыл-Жол айылында катталган.

Жаракат алгандар:

- Кызыл-Бел айылынын 1982-жылы туулган тургуну Б.П. (аял киши), мээси чайкалган;

- Кызыл-Бел айылынын 2012-жылы туулган тургуну М.Н., мээси чайкалган;

- Самаркандек айылынын 1962-жылы туулган тургуну К.А., мээси чайкалган;

- Самаркандек айылынын 1961-жылы туулган тургуну И.А., мээси чайкалган.

Аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1666
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×