Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Баткен облусу, Айдаркен 25.12.2017 17:37

«Айдаркен коммунальщик» ААКтын 95% акциясы мэрияга өттү

Turmush -  «Айдаркен коммунальщик» ААКтын 95% акциясы Айдаркен шаардык мэриясынын балансына өттү. Бул тууралуу Айдаркен шаардык мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, демилге өкмөттүн токтомунун негизинде ишке ашырылган. Аталган ишкана СССР убагында «Айдаркен» сымап комбинатына таандык болсо, СССР тарагандан кийин «Айдаркен коммунальщик» акционердик коому болуп иштеп баштаган. Тактап айтканда, ишкана канализация, таза суу жана шаардын тазалыгын көзөмөлдөп келген.

Ал арада бир нече жолу бул ишкана менен жергиликтүү элдин ортосунда пикир келишпестиктер чыгып, сотко чейин барышкан. Ишканада 40ка жакын жумушчу эмгектенет. Шаардык мэриянын балансына өткөндөн кийин ишкананы жаңы жабдуулар менен камсыздоо, жумушчуларды жана төлөмдөрдү толук көзөмөлгө алуу менен бирге туруктуу баа коюп иштөө жактары каралууда. Андан сырткары жыл сайын ишканага тиешелүү жерлерди оңдоп-түздөөдөн өткөрүү пландалып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×