Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Баткен

Лейлектин Ак-Суу айылында ФАП ачылды

Turmush -  Бүгүн, 22-декабрда Лейлек районуна караштуу Ак-Суу айылында фельдшердик-акушердик пункт ачылды. Бул тууралуу Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов билдирди.

Анын айтымында, мекеменин имараты эл аралык уюмдун каржылоосу менен курулду. Анда жугуштуу оорулар үчүн атайын өзүнчө эшик менен кирүүчү бөлмө, педиатр, терапевт, эмкана, каттоо бөлмөсү кошо камтылган.

Мындан сырткары, ичиндеги эмеректери, тиешелүү медициналык жабдыктар жана башка керектүү шаймандар дагы алынды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1531
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×