Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 22.12.2017 15:16 На русском

Фото - 37 жаштагы Умида 3 эм төрөп, 9 баланын апасы болду

Turmush -  Кечээ, 21-декабрда Кызыл-Кыя шаардык төрөт үйүндө 3 эм төрөлдү. Бактылуу эне — Оштогу Араван районунун алыскы Төө-Моюн айыл аймагынын Керкидан айылынын 37 жаштагы тургуну Умида Жумабаева.

Кызыл-Кыя шаардык төрөт бөлүмүнүн башкы дарыгери Гүлнара Кыпчакбаеванын айтымында, 3 эмдин экөө кыз, бири уул бала. Биринчи кызы 2 кг 100 грамм, экинчи кызы 2 кг 100 грамм, үчүнчүсү 2 кг салмакта төрөлдү. Азырынча 3 эмге ысым тандала элек.

Алардын атасы Таир Маматов жубайы аман-эсен көз жарганына кубанып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, дыйканчылык менен алектенет. Буга чейин 6 баланын (5 кыз, 1 уул) атасы болчу. Эми жубайлар 9 баланын (7 кыз, 2 уул) ата-энеси болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×