Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
Баткен

Кадамжайда 2 жыл мурда аялды уруп алып, качып кеткен айдоочу кармалды

Turmush -  2 жыл мурда Кадамжай районунун Бирлик айылында 54 жаштагы аялды унаасы менен уруп алып, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Кадамжай РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалган 33 жаштагы А.Ж. 2015-жылдын 18-апрель күнү Бирлик айыл аймагында жашаган 54 жаштагы аялды сүзүп кетип, жоопкерчиликтен качып кеткен. Кадамжай РИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү айдоочу 2017-жылдын 11-декабрь күнү Ош шаарынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кадамжай РИИБдин кызматкерлеринин аракеттеринин жыйынтыгында 14 оор кылмыштын жана 52 уурулуктун бети ачылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2038
×