Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Баткен

Кадамжайда мурдагы аялына 11 жолу бычак сайган адам кармалды

Turmush -  Кадамжай районунун аймагында 14 жылдан бери издөөдө жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кадамжай РИИБ тарабынан 2003-жылы денеге атайлап оор залал келтирүү беренесинин негизинде козголгон кылмыш иш боюнча качып жүргөн 36 жаштагы И.Т. аттуу адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ошондой эле, ажырашып кеткен аялына пикир келишпестиктен улам бычак сайган адам кармалды. Өрүкзар айылынын 34 жаштагы жашоочусу К.Т. мурдагы аялын аш бычак менен 11 жолу сайып жиберген. Аталган факты боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары, Марказ айылында аялды зордуктоого аракет кылган 24 жаштагы М.Б. аттуу жигит кармалды. Ал 2017-жылдын 16-сентябрь күнү 31 жаштагы аялдын үйүнө мыйзамсыз кирип барып, эркине каршы күч колдонуп зордуктоого аракет жасаган. Азыркы күндө кылмыш иш козголуп, кармалган жигит убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1712
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×