Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Баткен

Кадамжайда 2 жыл мурун уурулук кылууга шектелген жигит кармалды

Turmush -  Кадамжайда 2 жыл мурун уурулук кылууга шектелген 24 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

2015-жылдын июнь айында Кадамжай районунун тургуну милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылып, таанышы үйүнөн ноутбук менен планшетин уурдап кеткендигин билдирген. Баткен ОИИБдин кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүшүп, жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары 24 жаштагы М.И. аттуу жигитти кармашты.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү адам жабырлануучунун үйүнө кирип, анын ноутбугун жана планшетин уурдап кетип, өзүнүн таанышына сатканы такталды. Уурулук фактысы менен кылмыш иш козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1858
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×