Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Баткен облусуБаткен району 19.12.2017 12:11

Айыл турмушу: Баткендик мугалим М.Умарова жеке концертин берүүгө даярданууда (фото)

Turmush -  Баткен районунун Жаңы-Жер айылындагы ашталгыч класстардын мугалими Максуда Умарова музыка менен да алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, аккордеон черткенди жаш кезинде эле үйрөнгөн. Кесиби боюнча ал педагог. Мектепте музыкадан сабак бербесе да мектептеги ар кандай иш-чараларды уюштурууда, музыка чертүүдө жардамын аябайт. Музыкалык өнөрү менен райондук жана облустук фестивалдарга катышып, алдыңкы орундарды ээлеген. Буга чейин А.Жайнаков атындагы облустук музыкалык драма театрында да иштеген. Кийин турмуш шарттка байланыштуу өзүнүн айылына барып башталгыч класстардын мугалими болуп эмгектенүүдө. Максуда Умарова 4 ыр жазып, обондорун жаратууда. Жакын арада эл алдына жеке концертин берүүнү пландап жатат.

Мугалим-музыкант 1 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×