Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Ош

Дүйнө чемпионатынан Төрөкан Багымбай уулу 2 алтын медаль менен кайтты (фото, видео)

Turmush -  Россиянын Санк-Петербург шаарында өткөн грэпплинг боюнча дүйнөлүк мелдеште 2 алтын медалга ээ болгон Төрөкан Багымбай уулун «Ош» эл аралык аэропортунан салтанаттуу тосуп алышты. Бүгүн, 18-декабрдагы тосуп алуу аземине Ош шаардык спорт комитетинин төрагасынын орун басары Улан Авазбеков, спортчунун жакын санаалаштары, апасы жана Turmush басылмасынын кабарчысы катышты.

Алгач Ош шаардык спорт комитетинин төрагасынын орун басары Улан Авазбеков спортчуну жеңиши менен куттуктап, чепкен жапты.

Төрөкан Багымбай уулунун айтымында, мелдешке 16 мамлекеттен 400гө жакын спортчу катышкан. «Мелдеш чоң масштабда өттү. Алгач Беларусь Республикасынын балбаны менен, андан кийин Россия жана Санкт-Петербург шаарынын балбандары менен күрөшүп, жеңишке жетиштим.

Грэпплингде эки багытта — кимоно жана кимоносуз мелдеш болду. Мен 71 кг салмакта эки багыт боюнча тең жеңишке жетиштим», - деди Т.Багымбай уулу.

Төрөкан бул мелдешке баруу үчүн пайдаланып жүргөн унаасын сатканын апасы Чолпонай Жүзбаева кошумчалады.

«Балам кичине кезинен эле спорт менен машыгып, мелдештерге катышып жүрөт. Азыркы жеңишин укканда өтө кубандым. Мелдешке баруу үчүн унаасын сатып кеткен», - деди Ч.Жүзбаева.

Бирок кийинчерээк Төрөкан унаасын сатканы тууралуу маалыматты жокко чыгарып, демөөрчүлөр колдоо көрсөткөнүн айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 22250
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:34,   17.01.2018   ( 6 адам окуп жатат)
×