Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Баткен

Айыл турмушу: Баткендик эки дос чет өлкөдөн кайтып келип, уста болуп иштеп жатышат (фото)

Turmush -  Баткен шаарындагы 26 жаштагы достор Тимур Федоров менен Жоробай уулу Эркин эмерек жасоочу цехте иштеп жатышат. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.

Өздөрүнүн айтымында, Тимурдун улуту орус болгону менен кыргыз тилинде эркин сүйлөйт. Экөө классташ болгондуктан бала кезинен чогуу өсүшкөн. Шартка байланыштуу жогорку билим ала албай калышкан. Мектепти аяктаган соң чет мамлекетке мигрант болуп иштеп кетишкен. Бирок туулган жерден эле акча табууну көздөп, Баткенге кайтып келишип, Эркиндин атасынын эмерек жасоочу цехинде иштей башташкан.

«Келечекте Тимур досум экөөбүз цехти кеңейтүүнү жана жасалган эмеректерди сатуучу дүкөн ачсак деп максат кылып жатабыз. Ар бир кардардын талабын орундатууга аракет кылабыз. Достук үчүн ишеним керек деген сөз бар эмеспи. Биз бири-бирибизге ишенебиз жана алдыда максаттарга бирге жетебиз деп ойлойм.Тимур досум жөнүндө айта турган болсом, ал улуту орус болгону менен кыргыздардын салт-санаасын билет жана сыйлайт», - деди Эркин.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2240
Көп окулду
×