Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
Баткен

Баткендеги драма театрдын кызматкерлерине кылмыш иш козголду

Turmush -  Баткен облустук музыкалык драма театрынын кызматкерлерине кылмыш иш козголду. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2014-жылдын сентябрь айында А.Жайнаков атындагы облустук музыкалык драма театрдын директорунун буйругу менен С.Р. аттуу адам эсепчи катары жумушка алынып, 2016-жылдын июнь айына чейин иштеген. Бирок ал адам 2013-жылдын октябрь айынан 2016-жылдын ноябрь айына чейин келишимдик негизде аскер кызматын өтөп, кошумча эч жерде иштеген эмес.
Ал эми, театрдын кызмат адамдары 2014-жылдан 2016-жылга чейин С.Р.га берилүүчү эмгек акыны өздөрү алып турушкан. Андан сырткары 2016-2017-жылдары 2 млн 285 миң сомдук сый акы жана материалдык жардам театрдын кызматкерлерине мыйзамсыз берилген.

Азыркы тапта жогорудагы фактылар боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2286
×