Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 13.12.2017 17:54 На русском

Фото — Кадамжайдагы мектептин 2 мугалими унаа кырсыктан каза болушту

Turmush -  7-декабрда Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүндөгү Н.Ирисов атындагы орто мектебинин 2 мугалими унаа кырсыкка кабылып каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына жергиликтүүлөр маалымдады.

Маалым болгондой, 76 жаштагы мугалим Аширжан Ирисова менен 64 жаштагы мугалим Сардал Олжобаевалар «Тико» унаасы менен келе жатып, кырсыкка кабылып, ошол жерде мерт болушкан. Мугалимдер Халмион айыл өкмөтүндөгү банкоматтан акча алып келүү үчүн барып, кайтып келе жатышканда кырсыкка кабылышкан.

Мектептин эмгек жамааты менен райондун акими Жаныбек Исаков жалпы кадамжайлыктардын атынан мугалимдердин жакын туугандарына көңүл айтышты.

(Солдо А.Ирисова, оңдо С.Олжобаева)

 1

Окуя тууралуу:

Буга чейин 7-декабрда Кадамжай районундагы унаа кырсыктан 2 адам каза болуп, 3 адам жаракат алгандыгы кабарланган.

Маалым болгондой, кырсык саат 13:50 чамасында Кадамжай—Бүргөндү жолундагы Халмион айылында болгон. Анда «Ниссан Примера» унаасы менен «Дэу Тико» унаасы кагышкан. Анын кесепетинен 2 аял катуу жаракат алып, көп узабай көз жумуп, дагы 3 жабырлануучу ооруканага жеткирилген

Кийинчерээк каза болгон аялдар Халмион айыл өкмөтүндөгү Таш-Дөбө айылынын тургундары — 1953-жылы туулган О.С. менен 1941-жылы туулган И.А. экендиги, жаракат алып, ооруканага жеткирилген 3 жигит — 1992-жылы туулган А.Н., А.Т. жана 1978-жылы туулган Б.Н. экендиги белгилүү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×