Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Баткен облусу, Кадамжай 11.12.2017 17:24

Баткенде энелер менен жаштардын форуму өттү

Turmush -  Бүгүн, 11-декабрда Баткен шаарында «Улгайган апалардын тилеги — жаштардын жаркын келечеги» деген темада форум өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Иш-чарага мектеп окуучулары жана улгайган апалар катышты. Анда балалыктан эрте ажыраган кыздардын тагдыры, нике күбөлүгүн алуунун маанилүүлүгү, өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоо боюнча талкуу болду. Талкууда кыргыз энелеринин баалуулуктары, орду жана жоопкерчилиги белгиленип, жаштарды ушундай жол менен өсүүгө чакырыктар айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×