Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Баракелде, Бишкек 11.12.2017 14:46

Муфтий М.Токтомушев Ч.Жалилов тууралуу: Ал жараткандын алдында күнөөлүү эмес

Turmush -  Муфтий Максатбек Токтомушев коомчулуктун Чубак Жалилов тууралуу пикирине байланыштуу билдирүү жасады.  

«Эзелтен элибиз даанышмандарын сыйлап, кыйын учурларда бири-бирине жөлөк болуп, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып келишкен. Пайгамбар өз хадисинде: "Ким улууларыбызды урматтабаса, кичүүлөрүбүздү сыйлабаса, аалымдарыбыздын акысын билбесе бизден эмес" деп айткан.

Андыктан урматтуу агайын-туугандар, пайгамбарыбыздын осуятына ылайык улууларыбызды урматтап, кичүүлөрүбүздү сыйлап, аалымдарыбызды кадырлап, барктай жүрөлү», - деп айтылат маалыматта.

М.Токтомушевдин айтымында, ислам дининде маалыматтын чын-төгүнүн билбей туруп сүйлөө, жалган айтуу жана кимдир бирөөнүн беделине шек келтирүү күнөө болуп саналат.

«Ыйык Курани Каримде белгилүү шарттар менен муктаждык болгон учурда көп үй-бүлө күтүүгө уруксат берилген. Ошондуктан биздин кадырлуу, бүгүнкү күндө кыргыз журтчулугу үчүн диний жаатта кызмат кылып келе жаткан аалымыбыз, аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов жараткандын алдында эч кандай күнөөкөр болгон жок», - деди ал. 

Муфтий тиешелүү органдар Ч.Жалиловдун үй-бүлөлүк маселесин териштирип жатканын эскертип, социалдык түйүндөргө туура эмес, такталбаган маалыматтарды чыгарбоого чакырды.  

«Ар бир нерсе өз ордунда такталат, ага убакыт керек. Туура эмес пикир же көз караш айтып коюп, кийин өкүнүп калбайлы. Бул үчүн кыямат күнү чоң жоопкерчилик болоорун эсибизден чыгарбайлы. Мусулман адам башка мусулмандарга карата дайыма жакшы күмөндө болуусу шарт. Андыктан, келиңиздер бирөөнүн үй-бүлөлүк маселесин талкуулабай мамлекетибизди гүлдөтүп, экономикабызды көтөрүүгө жардамыбызды берип, балдарыбызды билимдүү кылып тарбиялоого аракет кылалы», - деди ал.

Буга чейин Ч.Жалилов экинчи аял алгандыгы тууралуу билдирген. Бул маалымат социалдык түйүндө кызуу талкууланган болчу. Кийинчерээк милиция кызматкерлери Ч.Жалиловдун биринчи аялы «Сезим» кризистик борборуна жардам сурап кайрылганын маалымдаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Тема боюнча:

09.12.2017Чубак Жалиловдун жубайынын жардам сураган арызын милиция текшерип жатат
30.11.2017Бир дагы мамлекеттик орган билдирүү жасаган жок, - Ж.Фронтбек кызы Ч.Жалиловдун чакырыгы боюнча
01.12.2017Экс-муфтий Ч.Жалиловдун билдирүүсү боюнча текшерүү жүрүп жатат, - министр У.Исраилов
04.12.2017Ч.Жалиловду суракка чакырып, экинчи аял тууралуу билдирүүсүн жокко чыгарууга мажбурлашты, - жактоочу
04.12.2017Ч.Жалилов экинчи аялын сүйүктүү, биринчисин расмий никедеги аялы деп эсептейт, - милиция
05.12.2017Ч.Жалилов: Жашоомдо эң зор мааниге ээ 3 аял бар
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×