Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Баткен

Баткенде «Хонда-Фит» толугу менен өрттөндү

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 12 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 13 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 7-декабрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Баткен шаарынын Жусупов көчөсүндө «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйүп кетти. Адамдар жабыркаган эмес.

Ошондой эле, электр жабдууларын техникалык пайдаланууда коопсуздук эреженин бузулушунан Араван районунун Араван айылында наабайкана жана муздаткыч оңдоочу жай катары иштеп жаткан темир контейнер толугу менен күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1217
Көп окулду
×