Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Баткен

Баткенде ич келте менен оорунан эне менен балдардын абалы жакшы, - дарыгер

Turmush -  Баткен районунун Самаркандек айылында ич келте оорусун жуктурган үй-бүлө учурда Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылды.

Райондун санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башчысы Нурлан Орозалиевдин айтымында, 1980-жылы туулган М.С. (аял) 31-октябрда дене табы көтөрүлүп, тез-тез заара ушатып, жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылат. Ал жактан бөйрөгүнө суук тийген деп, амбулатордук шартта цефтриаксон дарысын дайындашат. Цефтриаксонду алгандан кийин дене табы түшөт. Андан кийин 8-ноябрда кайра дене табы көтөрүлүп, Баткен шаарындагы жеке менчик ооруканага кайрылып, 14-ноябрга чейин дарыланган. Бирок жыйынтык болбогондон кийин ал жактан чыгып кеткен. 18-ноябрда кайра дене табы көтөрүлүп, жашаган жериндеги ооруканага кайрылат. Ал жактан гинеколог эндоцервици диагнозун коюп, гемокультурага кан алынып, жөнөтүлөт. Ал жактан ич келтенин белгилери табылган.

Анын 8 жаштагы кызы Г.А. күн дене табы көтөрүлүп, Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылды. 3-декарда 7 жаштагы уулу Г.Б. дагы ич келте оорусунун белгилери байкалып, ооруканага жаткырылды.

Баткен облусттук бириккен ооруканасынын жетекчиси Нурлан Салиевдин айтымында, бүгүнкү күндө бул оорулуунун үй-бүлөсүнөн копрокультура алынып, жыйынтыгы таза чыккан, абалдары жакшы. Ичүүчү суусунан анализге суу алынды. Көк-Таш, Самаркандек айылдарында дарыгерлер үймө-үй кыдыруу санитардык маалыматтарды бермек болду.

Мектеп окуучулары арасында ич келте ооруусу боюнча лекциялар өтүлүп, балдардан 50 копрокултура алынып лабораторияга жеткизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2085
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×