Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Баткен

Фото — Кадамжайда Ошко каттаган кичи автобус 14 жүргүнчүсү менен кырсыкка учурады

Turmush -  Бүгүн, 4-декабрда эртең мененки саат 08:30 чамасында Кадамжай районунда 14 жүргүнчүсү менен бара жаткан кичи автобус кырсыкка учурады. Бул тууралуу өздүк булактар кабарлады.

Маалым болгондой, кырсыктан улам алган жаракаттары менен 3 адам ооруканага жеткирилди. Айдаркен шаарынан Ош шаарына бара жаткан «Спринтер» үлгүсүндөгү унаа Орозбеков айыл өкмөтүнүн Учкун айылына жеткенде оодарылып кеткен. Жабыркагандардын абалы туруктуу. Куткарууга ӨКМдин мобилдиштирилген тоо кен кырсыктарынан куткаруу взводунан 1 техника, 4 куткаруучу барган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5857
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×