Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Баткен

Айыл турмушу: Баткендик наабайчы Н.Курсанбай уулу айына 40 миң сомго чейин пайда табат (фото)

Turmush -  Баткен районунун Кара-Бак айылынын 27 жаштагы тургуну Нооруз Курсанбай уулу 9 жылдан бери нан бышыруу менен алек. Аймактык кабарчы наабайчы менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, айына 30-40 миң сомго чейин киреше табат.

«2009-жылдан бери нан бышырып иштейм. Муну атайын бирөөдөн үйрөнгөн эмесмин. Өзүм кызыккандыктан кайсы жерде ким нан жапса барып, карап жүрүп үйрөнүп алгам. Азыр үйүмө да тандыр курдум. Ал жакта да буйрутма менен нан жабабыз. Кошумча кафеде да нан жасап иштейм», - деди ал.

Нооруз күнүнө 4-5 кап ундан нан бышырат. Ар бир каптан 300гө жакын нан жасалат. 1 кап ундан жасалган нандар үчүн 1000 сом акы алат.

«Буйрутма көп болгон күнү 5 кап ундан нан жасалат. Мындан күнүнө 5 миң сомго чейин пайда табам. Андагы киреше менен үй-бүлөмдү эч нерседен кем кылбай багам», - деди ал.

Наабайчы буга чейин Нарын, Бишкек шаарларында нан жаап иштеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1531
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×