Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 29.11.2017 11:09

Кулунду айылында СПИД оорусуна каршы акция өттү

Turmush -  Бүгүн, 29-ноябрда Лейлек районунун Кулунду айылында СПИД оорусуна каршы акция өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, иш-чара 1-декабрь — СПИД оорусуна каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында уюштурулду. Акцияга дарыгерлер, маданият кызматкерлери, окуучулар болуп 200гө жакын адам катышты.

Акцияга чыккандар тез жардам унаасынын коштоосунда Ленин атындагы көчөдөн Чыңгыз Айтматов атындагы көчөгө чейин жөө жүрүш жасашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×