Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Баткен

Самаркандек айылында кыргыз-тажик элинин «Достук» фестивалы өттү

Turmush -  Бүгүн, 28-ноябрда Баткен районунун Самаркандек айылында кыргыз-тажик элинин ынтымагын бекемдөө максатында «Достук» фестивалы өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Тажикстандын Согдий облусунан келген делегациянын өкүлү Муясара Бабаханованын айтымында, мындай иш-чаралардын өтүшү эки элдин ынтымагын бекемдеп, ар кандай чыр-чатактарды алдын алууга өбөлгө болот.

Фестивалды уюштуруучулардын бири Карамат Таабалдиева Самаркандек айылы Тажикстандын айылы менен чектешкендиктен эки элдин ортосундагы ынтымак чон ролго ээ экендигин билдирди.
Фестивалдын алкагында бала бакчалардын тарбиялануучулары, мектеп окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программалар тартууланды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2241
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×