Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
Баткен

Баткенде 2 окуучунун сабалышын милиция иликтеп жатат

Turmush -  Баткен районунун Газ айылында жогорку класстын окуучулары 2 баланы сабаганы Баткен РИИБ тарабынан иликтенип жатат. Бул тууралуу Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдилазиз Заитов билдирди.

Анын айтымында, айылдагы мектепте жалпысынан 354 окуучусу билим алат. Алардын ичинен 50 окуучу 10-11-класстын окуучулары болуп эсептелсе, 59 окуучу 8-9-класстын окуучулары. Жогорку класстын окуучуларынын арасында пикир келишпестик чыгып, анын айынан 2 окуучу сабалып, ооруканага келген. Бүгүнкү күндө бул боюнча мектеп жетекчилигине окуянын себептерин аныктоо жана чара көрүү тапшырмасы берилди. Окуяны Баткен РИИБ дагы иликтеп жатат.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Баткен районунун Газ айылында жогорку класстын окуучулары сабаган 2 бала Баткен облустук бириккен ооруканасына жаткырылгандыгын Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына өздүк булактар маалымдаган.

Маалыматка караганда, 24-ноябрь күнү 8-класстын окуучусу Г.Кылыч менен 9-класстын окуучусу Т.Мадумарды жогорку класстын окуучулары сабап салышкан. Келтек жеген эки бала 25-ноябрь күнү Баткен облустук бириккен ооруканасына келишкен. Бирок орун жок болгондуктан кайра кетишкен. Бүгүн, 27-ноябрь күнү алар Баткен облусттук бириккен ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө жаткырылган.

Г.Кылычтын атасы баласынын сабалышы боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан.

«Бир жерликпиз, айтпай эле коеюн», - дегени ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2069
×