Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Баткен облусу, Сүлүктү 25.11.2017 12:55

Сүлүктүдө грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат

Turmush -  Бүгүн, 25-ноябрда Сүлүктү шаарында мэрдин кубогуна арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат. Бул тууралуу Сүлүктү шаардык мэриясынан билдирди.

Маалыматка караганда, шаарда биринчи жолу өтүп жаткан мелдешке Тажикстан менен Кыргызстандын 300гө жакын балбаны катышууда. Балбандар 27 кг тарта 100 кг чейинки салмакта күч сынашат. Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар ыйгарылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×