Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Баткен облусу, Баткен 21.11.2017 16:57

Айыл турмушу: Баткендик айдоочу айым Н.Рустамова учурда маляр болуп иштеп жатат (фото)

Turmush -  Баткен шаарынын 56 жаштагы тургуну Нина Рустамова бир нече жылдан маляр болуп иштейт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, энеси орус улутунун кызы болсо, атасы өзбек улутунан. Окууну бүткөндөн кийин эле айдоочулукту үйрөнүп, 1987-жылдан 1991-жылга чейин почтанын жүк ташуучу «ГАЗ-53» үлгүсүндөгү унаасын айдап иштеген. Атайын куралчан күзөтчүлөр менен Дара, Кайыңды, Кыштут тоолуу айылдарына гезит-журнал менен кошо чоң суммадагы акчаларды жеткирчү.

Учурда өзүнүн кызы Кристина менен чогуу буйрутмаларды алып, маляр болуп иштейт. Тапкан кирешеси турмуш-тиричилигине жетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×