Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Баткен

Айыл турмушу: Баткендик Н.Кимсанов 20 жылдан бери күнүнө 3 тонна шалы тазалаган ишкана иштетүүдө (фото)

Turmush -  Баткен районунун Ак-Турпак айылынын тургуну Нурлан Кимсанов 20 жылдан бери шалы тазалап иштейт. Аймактык кабарчы анын ишканасын көрүп кайтты.

Өзүнүн айтымында, ишкананы ачуу үчүн 200 миң сомго жакын акча сарптаган. Учурда анда 3 адам иштеп, күнүнө 3 тоннага чейин шалы тазаланат. Ар бир 70 кг күрүчтөн 2,5-30 кг чейин күрүч акы катары алынат.

Нурлан Кимсанов мындан тышкары өзү да дыйканчылык жана мал чарба менен алектенет. 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1037
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×