Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Баткен облусу, Баткен 09.11.2017 18:21

Баткенде өтүп жаткан спартакиада жыйынтыкталды

Turmush -  Кечээ, 8-ноябрда Баткен шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата мамлекеттик кызматкерлер арасында уюштурулган спартакиада жыйынтыкталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Уюштуруучулардын айтымында, спартакиаданын алкагында мырзалар кичи футбол, кыз-келиндер волейбол жана гиря көтөрүү, шахмат, кол күрөш оюндары боюнча күч сынашты. Футбол мелдешинде 1-орунду Баткен ОИИБдин команда, 2-орунду Баткен облустук соту, 3-орунду Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын командасы ээледи. Волейбол боюнча мелдеште 1-орунду С.Айтматов атындагы орто мектебинин командасы, 2-орунду Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 3-орунду орто мектептин командасы ээледи.

Футбол жана волейбол боюнча 1-орунга ээ болгон командаларга 10 миң сом, 2-орунга 6 миң сом, 3-орунга 4 миң сом акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×