Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
Баткен

Видео, фото - Дилдора Рахмановадан дагы бир медаль: Аны дүйнөлүк чемпионаттан салтанаттуу тосуп алышты

Turmush -  Кадамжайлык балбан айым Дилдора Рахманова 2-ноябрдан 7-ноябрга чейин Венгрияда өткөн таяк тартыш боюнча дүйнөлүк чемпионатта 2-орунду багындырып, күмүш медаль тагынды. Балбан кызды кечээ, 8-ноябрда Кадамжай районунда салтанаттуу түрдө тосуп алышты, деп билдирди кабарчы.

Дилдора Рахманова буга чейин спорттун мас-рестлинг (таяк тартыш) түрү боюнча жана бел боо күрөшүнөн дүйнөнүн 2 жолку чемпиону болгон. Андан сырткары, 8 жолу дүйнөлүк мелдештерде байгелүү орундарды ээлеп келген. Ошондой эле, коңшу өлкөлөрдөн жана Кыргызстандын аймагындагы мелдештерден бир топ медалдардын ээси болууга жетишти. 2016-жылы Кыргызстанда «Мыкты спортчу» наамына татыган.

Учурда спортчу айым Кадамжайдын Үч-Коргон айыл өкмөтүндө жашайт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Тема боюнча:

31.10.2016Кыргызстандык Д.Рахманова түркмөн күрөшү боюнча дүйнө чемпиондугун багындырды (видео)
10.11.2016Россиядагы турнирде алтын байге уткан балбан айым Д.Рахмановага 35 миң сом сыйлык ыйгарылды
22.11.2016Баткендик балбан айым Д.Рахманова Бишкектеги турнирде 1-орунду ээледи
15.12.2016Кыргызстандык Д.Рахманова алыш күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 2-орунду ээледи
27.02.2017Баткендик балбан айым Д.Рахмановага «2016-жылдын мыкты спортчусу» сыйлыгы ыйгарылды (фото)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1923
×