Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Баткен облусуКадамжай району 08.11.2017 12:45

Айыл турмушу: Кадамжайлык Э.Абдилов 3 тонна жүзүмдү элге бекер таратты (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Бүргөндү массивине алгачкылардан болуп көчүп келген багбан Эсенбек Абдилов аймакка сугат суунун келгенине кубанып, жүзүмдүн 3 тонна түшүмүн элге акысыз таратты. Аймактык кабарчы берешен багбандан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, 18 сотых жерине мындан 4 жыл мурда жүзүм отургузган. Бирок сугат суунун тартыштыгынан ушул кезге чейин түшүм албай келген. Бул жылы Бүргөндү массивине 114 чакырым ички чарбалык каналдар курулуп, жүзүм багына сугат суу жетти. 4 жыл мурда сугат суу тартыш болуп, 2 чакырым алыстан келгенге чейин суу жылуу болуп калчу. Жылуу суу жүзүм багы үчүн зыяндуу болгондуктан көлмөгө топтоп, кечинде сугарчу.

«Долбоорлор ишке ашкандан тарта суу маселеси чечилип, бактарды сугарууда буга чейинки кыйынчылыктарга кабылбайбыз. 4 жыл дегенде жүзүм багыбыз алгачкы жолу 3 тоннага жакын түшүм берди. Кубанганымдан алгачкы түшүмдү элиме акысыз таратууну туура көрдүм», - деди ал.

Учурда Эсенбек Абдиловдун жүзүм багын көрүп, үлгү алууну каалагандар да көп. Күн-түн дебей талбаган эмгектин арты менен ээн талааны бакка айлантып, эми түшүмүн алып жаткан учуру.

Бүргөндү өрөөнүндө ирригациялык ири долбоорлор ишке ашып, жаңы арыктар курулгандан тартып аймакка суу кенен жетип калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×