Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 28-май
Баткен

Айыл турмушу: Баткендик М.Таштанов 6 миң долларлык жабдык менен татууларды жасап ишкерлик кылууда (фото)

Turmush -  Баткен районунун Самаркандек айылынын 28 жаштагы тургуну Махмуд Таштанов наабайкана ачып, мектепти нан, булочкалар менен камсыздап жатат. Аймактык кабарчы ишкер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, алгач атасынын демилгеси менен 200 миң сомдук жабдык алып, иш баштаган. Бара-бара продукцияга болгон суроо-талап күчөп, атайын уюмга долбоор жазып, 2017-жылдын август айында 6 миң 300 долларлык жабдыктарды сатып алган. Учурда күнүнө 500 даана булочка, 200 даана кекс жана 100 даана нан чыгарып, Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдарындагы мектептерге тартууда. Наабайкананы иштетүү үчүн 2 жумушчу алган. Аларга күнүнө 500 сомдон акы төлөйт. Жумушчулардан тышкары үй-бүлөсү да жардам берет. Айына 20 миң сомдон ашык киреше табат.

Ишкер үй-бүлөдө 5 бир тууган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1585
Көп окулду
×