Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Баткен

Айыл турмушу: Баткендик Жанета айым кийим тигүүчү цехтен 30 миң сомго чейин пайда табат (фото)

Turmush -  Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну Асан кызы Жанета 2 келинди иш менен камсыз кылып, кийим тигүүчү чакан цех иштетип жатат. Аймактык кабарчы ишкер айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, мектепти аяктаган соң Бишкекте, Москвада тигүүчү болуп иштеп, тажрыйба топтогон. Айылда 2 адамды иш менен камсыз кылуу үчүн бейөкмөт уюмдарга кайрылып, кийим тигүүчү 4 машина алган. Учурда цехте чапандар тигилип, Лейлек, Рават, Ак-Татыр, Самаркандек, Миң-Булак айылдарына сатылууда. Бир күндө 10го жакын чапан тигилет. Алардын баасы 700 сомдон жогору. Ишкер айым айына 30 миң сомго чейин киреше табат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3281
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×