Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Баткен

Кадамжайда уксус ичип каза болгон 20 жаштагы келиндин өлүмүнө күйөөсү шектелип кармалды

Turmush -  27-октябрь күнү Кадамжай шаарында уксус ичип каза болгон 20 жаштагы келиндин өлүмүнө шектелип 31 жаштагы күйөөсү кармалды. Бул маалыматты Кадамжай РИИБден тастыкташты.

Маалым болгондой, шектүүгө КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 102-беренеси (адамды өлүмгө жеткирүү) менен кылмыш иш козголуп, 2 айга камакка алынды.

Маалым болгондой, 27-октябрь күнү 250 грамм уксусту ичип алган келин ооруканага оор абалда келип түшүп, ошол бойдон көз жумган. Анын ашказаны тешилип, көп кан жоготкон.

Каза болгон келиндин аркасында 2 жашка толо элек эгиз кыздары калды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 12655
Көп окулду
×