Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Баткен

Баткенде милиционерлердин футбол мелдеши өттү

Turmush -  Баткен шаарында милиция кызматкерлери тарабынан кичи футбол мелдеши уюштурулду. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдеш кыргыз милициясынын 93 жылдыгына жана Баткен ОИИБдин кызмат учурунда каза болгон кызматкери Улан Рахмановдун элесине арналып уюштурулду. Мелдешке Сүлүктү, Кызыл-Кыя шаарларынын, Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунун командалары катышты.

Жыйынтыгында 1-орунду Лейлек РИИБдин командасы ээлеп, 9 миң сомго ээ болду. 2-орунду Баткен ОИИБдин командасы алып, 7 миң сом алса, 3-орунду Баткен ОИИБдин Патрулдук милиция бөлүмү ээлеп, 5 миң сомго ээ болушту. 4-орунду Кадамжай РИИБдин командасы ээлеп, 3 миң сом алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 799
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×