Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Баткен облусуКадамжай району 19.10.2017 18:01 Жаңыланды: 30.03.2018 11:55 На русском

Айыл турмушу: Кадамжайлык И.Муктадинов үйүндө банан, сакура дарактарын өстүрүп, эс алуучу тапчандарды жасады (видео)

Turmush -  Кадамжай районунун Халмион айылынын 46 жаштагы тургуну Ибрагим Муктадинов үйүндө декоративдүү дарактарды өстүрөт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, банан дарагын, япон сакураларын өстүргөн.

«Мен бак-дарак өстүрүүгө кызыгам. Үйүмдүн короосуна декоративдүү ар кандай дарактарды өстүрдүм. Бананды Өзбекстандан алып келип тиктим. Банан жылына мөмө алганы менен бышпайт. Дарактар көңүлдү көтөрөт. Япон сакурасын да өстүргөм. Кышта өсө турган атайын көчөттөрдү тигип, 6 жыл мурда арча отургуздум. Роза гүлдөрүм да өтө кооз болуп ачылат. Мен дарактарды, гүлдөрдү өтө жакшы көрөм. Анткени дарактар адамды эс алдырат. Конокко келген адамдар тиккен дарактарыма сөзсүз түрдө кызыгат. Үйдөгү ар бир даракка өзгөчө мамиле кылып карайбыз», - деди ал.

Багбандын 2 уулу бар. Балдары спорт менен машыгат. Үйүнө келген коноктор үчүн тапчандарды орноткон. Өзү үлпөт тойлорду видеокамерага тартуу менен да алектенет.

Халмион айылы Өзбекстан менен чектешет.

село Халмион Кадамжайского района


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×