Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Баткен

Баткенде СПИД илдетине чалдыккан 184 адам каттоодо турат

Turmush -  Баткен облусунда бүгүнкү күндө СПИД илдетине чалдыккан 184 адам каттоодо турат. Бул тууралуу Баткен облусундагы СПИД борборунун башкы дарыгери Сайпидин Төрөев билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылдын 9 айында Баткен районунда 1, Кадамжай районунда - 8, Лейлек районунда - 2, Кызыл-Кыя шаарында - 2, Сүлүктү шаарында - 2 адам катталган. Катталгандардын ичинен бешөө аялдар, 12си эркектер. Алардын көпчүлүгү 20-29 жашка чейинкилер. Айрымдары жумуш издеп, чет өлкөлөргө барганда жуктуруп келишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1146
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×