Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Баткен

Н.Салиев Баткендеги ооруканада алгылыктуу өзгөрүүлөрдү ишке ашырып жатат

Turmush -  Нурлан Салиев жетектеген Баткен облустук бириккен ооруканасында алгылыктуу иштер аткарылып жатат. Ал оорукананын жетекчиси болуп 2015-жылдын 3-июлунда саламаттыкты сактоо министринин буйругу менен дайындалган. Кызматын аркалаган учурдан баштап бүгүнкү күнгө чейин бир топ демөөрчүлөрдүн, атайын долбоорлордун жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин колдоосу менен оорукананы оңдоп-түздөөгө, жаңы бөлүмдөрдү ачууга, заманбап медициналык жабдыктар менен камсыз кылууга, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга аракеттерди көрдү.

Рисунок2

Коррупциянын алдын алуу максатында 2015-жылдан тарта Каржы полициясынан өкүлдөр чакыртылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат. Медициналык кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо максатында ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын Баткен шаарындагы күзөт бөлүмү менен келишим түзүлдү.

Оорукананын айланасын көрктөндүрүү жана санитардык жактан тазалоо иштери дайым жүргүзүлүп турат. Жашылдандыруу максатында бак-дарактар отургузулду. Бардык бөлүмдөр оргтехника (компьютер, принтер), 20 даана муздаткыч менен камсыз болушту.

Бужум айылындагы психо-наркологиялык бөлүмдүн керебеттери менен матрацтары алмаштырылды. Оорукананын бөлмөлөрүнө жана палаталарга раковиналар орнотулуп, суу түтүктөрү алмаштырылып, суу чыгарылды. 2017-жылдын 28-мартында Улуттук Кызыл Ай коомунун жардамы менен көз оорулар бөлүмү ачылган. Ага 27-февралда Швейцария өлкөсүнөн жалпы суммасы 3 млн 929 миң 286 сомду түзгөн заманбап жабдыктар алынып келди. Ал эми, оорукананын эсебинен бөлүмдүн ачылышына 900 миң сом сарпталды. Борбордук тазалоо бөлүмү (ЦСО) да ачылып, оорукананы капиталдык оңдоо иштерине 1 млн сом сарпталды. 900 миң сомго ГК-100-3 үлгүсүндөгү жаңы 2 автоклав сатылып алынган.

Курулуштар боюнча:

1. Реанимобиль унаасына гараж курулганы турат. Документ иштери толугу менен даяр;

2. Кир жаюучу жердин үстү жабылат. Документ иштери бүткөн;

Капиталдык оңдоо иштери:

1. Гинекология жана жугуштуу оорулар бөлүмүнүн канализация түтүктөрү капиталдык оңдоодон өттү;

2. Кир жуучу жай капиталдык оңдоодон өттү;

3. Мейиткана (морг) капиталдык оңдоодон өттү;

4. Хирургия жана төрөт бөлүмүнүн операциялык бөлүмүн капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалып жатат. Документ иштери бүткөн;

5. Оорукананын 4-кабатына чыгуучу тепкичтер оңдолот.

Медициналык жабдыктар:

1. Жандандыруу бөлүмүнө президент тарабынан жасалма жол менен дем алдыруучу 1032162,38 сомдук ИВЛ VG70 жабдыгы берилди;

2. Саламаттыкты сактоо министринин буйругунун негизинде «TOYOTA HILUX» үлгүсүндөгү 137500 долларлык реанимациялык унаа алынды.

Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан мурда жок болгон төмөнкү жабдыктар алынды:

- Керебеттик монитор;

- Дефибриллятор Beneheart D6 - Электрокардиограф SE 301;

- Пульсоксиметр H1008 (3 даана);

- Велоэргометр (GOLFP) -ЭХО КГ Xario 100 Toshiba medica;

- Кандагы газдарды жана электролиттерди аныктоочу экспресс-анализатор;

- ИВЛ SV 300 (жасалма дем алдыруучу жабдык);

- 2 даана небулайзер, 2 даана глюкометр, 3 даана электрондук балдар таразасы жана 2 даана отоскоп;

- 3 даана кислороддук концентратор ОХY 5000, 2 даана сордургуч 7Е-В жана 3 даана пульсоксиметр М800;

4. Бардык бөлүмдөр заманбап медициналык жабдыктар, жумшак жана катуу эмеректер менен камсыз болушту.

Жалпы суммасы 5 млн 626 миң 282 сом.

Демөөрчүлөр:

«Айдаркен» сымап комбинатынын жардамы менен оорукананын күн чыгыш тарабына чоң дарбаза орнотулуп, 15 даана айнекке темир торчо, 15 даана эшикке темир торчо, 8 даана темир сейф, таштанды салуучу 15 даана урна алынып, 200 метр тротуар цементтелген. Бейтаптар отура турган жай да оңдолуп, оорукананын ашканасынын чатыры алмаштырылды.

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн каржылоосу менен Бужум айылындагы терапия жана психо-наркология бөлүмүнүн сыртындагы чоң жолдорго цемент төшөлдү.

«Атын атагысы келбеген адамдар да ооруканабызга көптөгөн жардамдарды берип келет. Балдар бөлүмүнө заманбап санитардык түйүндү жасап беришти. Айнек эшиктерди желим эшиктерге алмаштырып беришти», - деди Нурлан Салиев.

ЮНИСЕФ тарабынан 35000 евролук жасалма дем алдыруучу жабдык берилди. Ошондой эле, өзүнүн Москва шаарында жүргөн классташ достору балдар бөлүмүнүн балдар ойноочу бөлмөсүнө сыналгы, DVD жана оюнчуктарды алып беришкен.

Бейтаптарга жардам:

«Ооруканабызда онко-гинеколог дарыгери жоктугуна байланыштуу медицина илиминин кандидаты Алмаз Бейшембаевди чакырып, чоң 16 операция жасалып, 300 аялды медициналык текшерүүдөн өткөрдүк. ЛОР дарыгери жоктугунан Улуттук госпиталдын ЛОР бөлүмүнүн дарыгери, медицина илимдеринин кандидаты Шухрат Буваев менен сүйлөшүп, Ош шаарынан ЛОР дарыгерлер чакырылып, 2 күндө (28-29-апрель) 200 адамды текшерип, медициналык жардам көрсөттүк», - деди оорукананын жетекчиси.

Эл аралык кызматташуу:

1. 2015-жылы Индия мамлекетинин Дели шаарындагы форумга барып келишти;

2. 2016-жылы Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарына иш сапар;

3. 2017-жылы Түркия мамлекетинин Стамбул шаарына иш сапар уюштурулду;

Нурлан Салиевдин айтымында, облустук бириккен оорукананы мындан да өнүктүрүү максатында алдыда бир топ пландар коюлган.

Алдыдагы аткарыла турган иштер:

1) Инвесторлорду тартуу;

2) Жаңы бөлүмдөрдү ачуу (кардиология, урология ж.б.);

3) МРТ жабдыгын орнотуу;

4) Гемодиализ бөлүмүн ачуу;

5) Оорукананын сыртын оңдоо;

6) Административдик имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүү;

7) Перинаталдык борбор куруу;

8) Жаңы заманбап оорукана куруу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3534
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×