Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Баткен

«Кадамжай» сурьма комбинаты иштей баштады

Turmush -  «Кадамжай» сурьма комбинаты кытайлык жана кыргызстандык инвесторлордун жардамы менен иштей баштады. Бул тууралуу Баткен облусунун жетекчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кытайлык ишкана менен 2016-жылдын август айында келишим түзүлгөн. Кыргызстандык ишкана менен 2017-жылдын 17-июлунда кызматташуу тууралуу келишимге кол коюлган. Учурда 2 ишкана комбинаттын 2 бөлүгүндө иштеп жатат. Жүк ташуучу оор техникалар алынып келип, химиялык лаборатория, кичи завод куруу жумуштары дээрлик аяктап, керектүү тетиктер орнотулган.

Адистердин айтымында, бул жердеги калдыктын запасы 3 жылга жетет. Кытай технологиясынын жардамы менен кайра иштетип, сурьма өндүрүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Заводдон чыккан калдыктардын айлан-чөйрөгө экологиялык жактан зыяны болбой тургандыгын адистер далилдеп беришти.

«Кадамжай» сурьма комбинатынын тышкы экономикалык байланыш жана материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Арсланбек Маккамбаевдин айтымында, учурда сурьманын баасы дүйнөлүк рынокто 1 тоннасы 7000 миң доллар турат. Комбинат толук кандуу иштеп кетсе дагы жумуш орундары кеңейип, Баткен облусунун өнөр жайы, экономикасы өсөт.

Бүгүнкү күндө комбинатта 93 жергиликтүү тургун жумуш менен камсыз болуп, 20 миң сомдон маяна алып жатышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2340
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×