Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баткен облусу, Баткен 15.10.2017 15:35 На русском

Баткендеги 200 шайлоо участкасында автоматтык 443 урна иштеп жатат

Turmush -  Баткен районунда жалпы 41928 шайлоочу бар. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка караганда, райондо 44 шайлоо участкасы, автоматтык 100 урна, 23 планшет иштеп жатат.

Кадамжай районунда 91926 шайлоочу, 66 участка бар. Шайлоо тилкелеринде автоматтык 148 урна, 40 планшет иштеп жатат.

Лейлек районунда 62676 шайлоочу, 50 шайлоо участкасы бар. Аларда автоматтык 118 урна, 35 планшет иштетилүүдө.

Баткен шаары боюнча 12443 шайлоочу, 8 шайлоо участкасы иштеп жатат. Аларда 20 автоматтык 20 урна бар.

Кызыл-Кыя шаарында болсо шайлоочулардын саны 25302 болсо, шайлоо участкаларынын саны 19. Автоматтык урналардынс аны 23.

Сулукту шаарында 9948 шайлоочу, 13 шайлоо участкасы бар. Автоматтык урналардан 34 даана иштеп жатат.

Жалпысынан алганда облус аймагында 243723 шайлоочу, 200 шайлоо участкасы автоматтык 443 урна, 98 планшет бар.

15-октябрь — Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо күнү. Кыргыз Республикасынын президентин шайлоого карата чет өлкөлөрдө 37 участкалык шайлоо комиссиясы ачылган. Кыргызстандын Россия, Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Япония, Германия, Бириккен Араб Эмираттары, Түркия жана башка өлкөлөрдө жашап жаткан жарандары добуш берүүгө катыша алат. Добуш берүүгө биометриялык маалыматтарды тапшырып, жашап жаткан дарегиндеги шайлоо комиссиясы аркылуу добуш берүүгө уруксат берүү тууралуу 30-сентябрга чейин арыз жазган жарандар катышат алат.

14-октябрда Кыргызстандын аймагында участкалык шайлоо комиссиясынан сырткаркы аймактарда добуш берүү процесси жүрдү. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү байкоочулар, Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери, Ички иштер министрлигинин, талапкерлердин өкүлдөрүнүн жана журналисттердин коштоосу менен буга чейин шайлоодо добуш берилүүчү имараттарга бара албастыгына байланыштуу арыз жазган жарандардын үйлөрүнө барышты.
Республика боюнча 15-октябрь күнү участкалык шайлоо комиссияларына бара албай турган 22 миң 821 жаран арыз жазган. Бул тизмеде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, кызматынан чыга албаган аскер кызматкерлери жана абактардагы жарандар бар.

Мамлекеттик каттоо кызматы Борбордук шайлоо комиссиясына берген акыркы тизмеде 3 млн 25 миң 768 шайлоочу катталган.

Алардын ичинен:

- Кыргызстандын аймагында — 2 млн 908 миң 453 шайлоочу;

- Чет өлкөлөрдө добуш берүүчү шайлоочулар — 18 миң 580 адам;

- Бишкек шаарындагы кошумча участкалык шайлоо комиссияларында — 98 миң 735 адам.

Бул жолу шайлоочулардын тизмесинен 17 миң 180 жаран чыгарылган.

Алардын ичинен:

- каза болгондор — 16 миң 687 адам;

- Кыргызстандын жарандыгынан чыккандар — 493;

- 1974-1994-жылдардагы паспорттун үлгүсүнө ээ болгондордун саны — 13 миң 672.

Республиканын аймагындагы шайлоочулардын саны тууралуу маалымат:

- Бишкек шаары — 327 миң 985;

- Ош шаары — 159 миң 348;

- Баткен облусу — 243 миң 722;

- Талас облусу — 130 миң 195;

- Нарын облусу — 161 миң 894;

- Чет өлкөлөрдө — 18 миң 580;

- Чүй облусу — 491 миң 34;

- Ысык-Көл облусу — 259 миң 118;

- Жалал-Абад облусу — 545 миң 745;

- Ош облусу — 589 миң 412.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×