Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Баткен

Фото — Чек айылындагы бала бакчанын дубалдарынан жарака кетип, чатырынан тамчы өтүүдө

Turmush -  Баткен районунун Чек айылындагы «Айданек» бала бакчасы авариялык абалда турат.

Тарбиячы Минавар Мадрахимованын айтымында, имараттын эскилиги жетип, көп жеринен жаракалар кеткен. Алар жыл сайын жамалып турат. Өткөн жылы катуу жер титиреген убакта бир топ жерлеринен жарака кеткен. 130 бала тарбияланган бакчада балдарга керектелүүчү жабдыктар да жетишсиз. Жамаат үчүн бир да компьютер коюлган эмес.

«Бакчада балдар үчүн 2 эле класс бар. Класстар абдан тар болгондуктан, балдар да кысылып ойношот. Жамгыр жааган учурда шыптан суу тама баштайт. Ал учурда тамчыга идиштерди коебуз. Балдар үчүн шкаф, стол, стул жетишпейт. Жазуу иштери үчүн жада калса директордо да компьютер жок», - деди тарбиячы.

«Айданек» бала бакчасынын имараты 1996-жылдары курулган. Имарат алгач чайкана болуп турган. Чайкана бир топ жылдар бою иштетилбей туруп, эскилиги жеткен убакта 2012-жылы капиталдык оңдоодон өтүп, бала бакчага айланган.

Дара айыл өкмөтүнүн орун басары Абдижапар Тажибаев билдиргендей, жаан учурунда бакчага суу өтпөстүгү үчүн имараттын чатыры алмаштырылат. Ал үчүн каражат бөлүнсө оңдоо иштери башталат. Азырынча айылга жаңы типтүү бакча куруу пландала элек.

«Январь айына чейин бул маселелер чечилет деп айта алам. Бюджеттин эсебинен карап, тарбиячылар үчүн компьютер, балдар үчүн жабдыктар алынып берилет. Бакча жамааты бизге билдирүү жасаган. Өзүбүз да жайынан барып көрдүк. Булардын баары чечилет», - деди Тажибаев.

Чек айылында 2 бала бакча бар. Алардын биринде балдар жатып тарбияланышат.  Айданек» балдар бакчасында балдар түшкө чейин жана түштөн кийин 3 сааттан тарбия алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 643
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×