Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Баракелде

Фото - УКМК эл аралык террористтик уюмдун кыргызстандык мүчөсүн кармады

Turmush -  Бүгүн, 12-октябрда УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмга мүчө болгон кыргызстандык жаран кармалды.

Түзүмдүн маалыматына караганда, Ош облусунун 1978-жылы туулган тургуну К.Х. кармалды. Ал Сайфуллах аш Шишани жетектеген «Джабхат Фатх аш Шам» (мурдагы «Джабхат ан Нусра») террористтик уюмуна мүчө болуп, Сириядагы согушка катышкан. К.Х. 2013-жылы эл аралык террористтик уюмдарга кошулуу үчүн Сирияга кетип, «Джабхат Фатх аш Шамга» кошулган. 2016-жылы террористтик уюмдун жетекчилеринин буйругу менен Борбор Азия мамлекеттеринде (анын ичинде Кыргызстанда дагы) теракттарды уюштуруу максатында кайтып келген.

Учурда кылмыш иш козгоо маселеси чечилип жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2380
Көп окулду
×