Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Баткен облусуБаткен району 12.10.2017 14:14

Баткендин Чек айылынын ички жолдоруна асфальт төшөлүп жатат

Turmush -  Баткен районунун Чек айылынын ички жолдоруна асфальт төшөлүп жатат. Бул тууралуу Дара айыл өкмөтүнүн башчысы Закир Байзаков билдирди.

Анын айтымында, учурда жол асфальттоонун эң акыркы этаптары жүрүп жатат. Өткөн жылда жолдун 1 км жерине асфальт төшөлүп, дагы 1 км аралык быйылкы жылдын эсебине калтырылган. Август айында калган 1 км аралыкка да асфальт төшөлгөн. Оңдоо иштери Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан каржыланды. Бирок жолдун 277 метр аралыгы тендерге кирбей калып, асфальтталбай калган.

«Тендерге кирбей калган аралыкты асфальттоого жергиликтүү бюджеттин күчү жетпей, облустук администрацияга кайрылдык. Алар маселени карап, Транспорт министрлиги менен сүйлөшүп, учурда 277 метр аралыкка да асфальт төшөлүүдө», - деди Байзаков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×