Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Баткен облусу, Баткен 12.10.2017 12:01

Баткендеги бала бакчада бөбөктөрдүн спорттук мелдеши уюштурулду

Turmush -  Баткен шаарынын «Өрүкзар» бала бакчасында ата-энелер менен балдардын катышуусунда спорттук мелдеш өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Бала бакчанын тарбиячысы Малика Бегалиеванын айтымында, мелдешти өткөрүүнүн максаты — балдардын бири-бири, ата-энелери менен байланышын өстүрүү. Таймашта үңкүрдөн өтүү, картошка жыйноо, койнума карышкыр тийди, шуру жыйноо сыяктуу оюндар уюштурулду.

Жыйынтыгында 210 упай алган «Баластан» тайпасы жеңүүчү болуп табылды. Соңунда катышуучуларга белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×