Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баткен

Айыл турмушу: Баткендик А.Дүйшеев алма бактан жылына 10 тоннага чейин түшүм жыйнайт (фото)

Turmush -  Баткен районунун Кара-Булак айылындагы багбан Аскар Дүйшеев жылына 10 тоннага чейин алманын түшүмүн жыйнайт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 20 жылдан бери алма бак өстүрүп, 1 гектар аянттан жылына 300 миң сомго чейин киреше табат. Буга чейин коңшулаш Өзбекстандын чек арасы жабык болгонуна байланыштуу алма Тажикстанга гана өтүп турган. Эң таза алмалар 20-25 сомго чейин бааланчу. Учурда Өзбекстан менен болгон чек ара ачылып, алмалардын бардыгы 27 сомдон бааланууда.

«Жылына Тажикстандан жеке ишкерлер келип, 20-25 сомго чейин баалап алып кетишчү. Бул жылы Өзбекстан менен чек ара ачылып, кардарлар көбөйүп, алманын баасы 27 сомго жогорулады», - деди багбан.

Анын бакчасында алманын симиренко, стаканчик жана жанат сорттору өсөт.

«Биздин айыл деңиз деңгээлинен 1400 метр бийиктикте болгондуктан алма өстүрүүгө, сактоого ыңгайлуу. Андан өтө бийикте жана төмөн жерлерде алма начар өсөт», - деди багбан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 452
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×