Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Баткен

Кадамжайда асфальт төшөлгөн жол пайдаланууга берилди

Turmush -  Бүгүн, 10-октябрда Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Валакыш айылына баруучу жол асфальтталып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Үч-Коргон айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, асфальтталган жолдун узундугу 2 чакырымды түзөт. Курулуш иштерине мамлекеттик бюджеттен 10 млн 700 миң сом бөлүнгөн. Аталган жол негизги жол болгондуктан Майдан жана Чаувай айыл аймактарынын тургундары пайдаланат.

Жолдун ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 734
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×