Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Баткен облусуЛейлек району 10.10.2017 12:35

Кулундудагы маданият үйүнө музыкалык аспаптар алынды

Turmush -  Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы маданият үйүнө элдик музыкалык аспаптар жана улуттук кийимдер алынды. Бул тууралуу маданият үйүнүн башчысы Айниса Алдакулова билдирди.

Анын айтымында, буга чейин мекемеде 3 комуз болсо, өкмөт тарабынан дагы 5 комуз берилип, сахнага кийилүүчү жаңы кийимдер тиктирилди. Учурда маданият кызматкерлери ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн коюла турган концертке даярданууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×