Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Баткен

Видео — Баткенде унаалар кагышып, 2 айдоочу жана жаш бала жаракат алды (толукталды)

Turmush -  Кечээ, 9-октябрда Баткен шаарынын Т.Садыков көчөсүндө бири-бирине карама-каршы келе жаткан 2 жеңил унаа кагышты.

Күбөлөрдүн айтымында, саат 20:20 чамасында «Жигули» менен «Ауди» кагышкан. Анын кесепетинен унаалар талкаланып, айдоочулары жаракат алышты. Алар саат 20:40 чамасында ооруканага жеткирилген.

Баткен облустук бириккен ооруканасынын дарыгери Маширап Назаровдун айтымында, ооруканага 3 адам алынып келген. Баткен шаарынын 1978-жылы туулган тургуну Д.О. жана анын 8 жаштагы баласы И.Э. оор абалда болчу. Үчүнчү жабырлануучу — Бужум айылынын 1982-жылы туулган Н.М.нын абалы канааттандырарлык болгондуктан ооруканадан чыгарылды. Жабыр тарткан ата-бала травматология бөлүмүндө жатат. Д.О. сол бутунан жаракат алган. Баласы И.Э.нин баш мээси чайкалып, ээгинен катуу жаракат алган.

Д.О.нун айтымында, ал балдарын дүкөндөн алып, үйүнө таштаган. Андан кийин 8 жашар баласын унаага салып, Салих көчөсү менен ылдый карай түшүп бара жаткан. Жол чырактын жашыл түсү күйгөндө Салихов көчөсүнөн Т.Садыков көчөсүнө бурулуп жатканда көзүнө жарык чагылып, эч нерсе көрүнбөй калган. Ошол учурда кырсыкка кабылышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1386
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×