Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Баткен

Видео — Баткендик И.Рустамова 43 жылдан бери чачын 2 метрге жакын узундукта өстүрдү

Turmush -  Баткен районунун Самаркандек айылынын 54 жаштагы тургуну Инавад Рустамова окуучу кезинен бери чачын кыскартпай өстүрүп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 43 жылдан бери өстүрүп келе жаткан чачынын учурдагы узундугу 1 метр 75 см түзөт. Башкалардын көзү тийбесин деп чачын түйүп, узундугун байкатпай алып жүрөт. Узун чачы кээде түшө баштаганда, зайтун жана зыгыр майын аралыштырып, чачына сүйкөп, 20 мүнөттөн кийин жууп турат. Убагында таенесинин, апасынын да чачтары да узун болгон.

«Жаш кезимден чач өстүрүүгө кызыкчумун. Чачымды алгач шампунь, айран менен жууйм. Айрандын чачка тийгизген пайдасы өтө чоң. Анын витаминдери өтө көп, чачты азыктандырып турат», - деди ал.

Инавад айым узун чачтарды даңазалаган сынактар өткөрүлүп турса чачтарын өстүргөн кыздардын саны да көбөймөктүгүн билдирди.

«Ушул жылга чейин Баткен аймагында бир да чач тууралуу сынактарды укпадым. Бирок борбордогу сынактарга катышууга мүмкүнчүлүк болбой калды. Эгер Баткен жергесинде да тез-тезден өткөрүлүп турса анда узун чачтуу кыздар да көбөймөк. Нукура кийим менен нукура чач менен кыргыз айымдарын дүйнөгө даңазаламакпыз», - деди ал.

Чач өстүрүүнүн көп сырларын өзүнүн китебине камтыган. Аларды ачыкка чыгарбай, сыр бойдон калуусун туура көрдү.

Инавад Рустамова 2 кыз, 3 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1316
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×