Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Баткен

Жеңеке: Баткендик мугалим А.Кожонова классташына турмушка чыгып, бактылуу жашап жатат (фото)

Turmush -  Баткен шаарындагы 54 жаштагы мугалим Анаркан Кожонова өзүнүн классташына турмушка чыгып, бактылуу өмүр сүрүүдө. Аймактык кабарчы жеңекеден кабар алды.

Анын айтымында, жолдошу экөө 1995-жылы табышкан. Өзү да, жолдошу да мурда турмуш кургандыктан ачык сүйлөшүп баш кошушкан. 2-3 күн сүйлөшкөндөн кийин күйөөсү «ата-энем менен тааныштырам» деп үйүнө алып барып, ошол бойдон келин болуп отуруп калган. Азыр өзү Баткен облустук гимназиясында англис тили мугалими болуп эмгектенет.

«Жолдошум экөөбүз мектепте чогуу окуганбыз. Ал учурда бизде сүйүү сезими жок эле. Кийин бой жетип, жогорку окуу жайды аяктап, экөөбүз башка кишилерге баш кошконбуз. Бирок тагдырдын сыноосу менен биринчи турмушубузду алып кете албадык. Иштеп жүргөн учурумда курбум классташ балам экөөбүзгө «экөөңөр да турмуштан аксаган жансыңар, баш кошуп алгыла» деген оюн айткан. Андан улам жолдошум экөөбүз ачык сүйлөшүп эле турмуш куруп калганбыз.

Оболу биринчи турмуш менен жакшы жашоого аракет кылуу керек. Бирок экинчи турмуш менен жашоо үчүн өтө сабырдуулук, чыдамкайлуулук, жана темирдей нерв керек», - деди ал.

Анаркан жеңе 2 кыз, 1 уул жана 1 неберенин апасы. Мугалимдик кесибинде «Эл агартуунун отличниги» наамын алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1006
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:48,   12.12.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×