Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баткен

Лейлекте 7 жаштагы баланы унаа уруп кетип, оор абалда жатат

Turmush -  Кечээ, 8-октябрда Лейлек районунда жеңил унаа жол жетинен 7 жаштагы баланы уруп кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык саат 15:30 чамасында болгон. «Мерседес Спринтер» үлгүсүндөгү унаа райондун Ак-Терек айылында жол четинде бара жаткан 7 жаштагы З.Эрнистти уруп кеткен. Кырсыктын кесепетинен баланын буту сынып, оор абалда Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилген. Учурда анын абалы оор бойдон калууда.

Кырсык боюнча орган кызматкерлери тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 430
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×