Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Баткен

Тажикстанга чектеш Достук айылынын эли тажик SIM-карталарын колдонууда

Turmush -  Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Достук айылында кыргызстандык уюлдук ишканалардын байланышы жок. Бул тууралуу жергиликтүүлөр билдирди.

Алардын айтымында, айылда кыргызстандык уюлдук ишканалардын байланышы жок болбогондуктан тургундар тажик SIM-карталарын колдонушат. Кыргызстандын аймактарынан байланышууда кыйынчылыктар туулат.

«Баткенде бир туугандарыбыз жашайт. Алар керек учурда байланышууга чыга албай калабыз. Тажик номурдан кыргыз номурга бирдик да абдан көп алынат», - деди жергиликтүү тургун Назгүл Жалалидин кызы.

Тургундар байланыштан сырткары кыргыз телеканалдары да көрсөтпөй турганын белгилешти. Сыналгыда тажик, өзбек берүүлөрү көрсөтүлөт.

Ал эми, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Закир Темиров учурда санариптик байланыш үчүн станция курулуп, бирок байланыш тартыла электигин билдирди.

«Достуктун Как-Сай аймагында электр тарттыруу аракетиндебиз. Аны менен катар санариптик байланыш да тартылат. Бирок мобилдик байланышты тартууга уюлдук компанияларга кайрылганыбызда элдин саны аздыгына байланыштуу байланыш станцияларын курушкан эмес», - деди Темиров.

Достук айылында 92 кожолук жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 853
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×